Кыргыз Республикасынан Орусияга бат бузулуучу азыктарды ташыган 8 эл аралык жүк ташуучулар үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Экономика министрлигине кайрылышкан. Бул тууралуу аталган министрликтен SUPER.KG порталына бүгүн, 28-июнда билдиришти. Кайрылууда Орусия-Казакстан чек арасында жайгашкан Орусиянын Айыл чарба көзөмөлү кыргыз эл аралык жүк ташуучуларына карата мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жатышканын жазышкан.
"Бул кайрылуунун негизинде Орусиянын тиешелүү органдарына, Бажы кызматтарына кайрылуу жасаганбыз. Учурда жүк ташуучулардын айтымында, аларга карата жасалып келинген мыйзамсыз иштер токтоду", - дейт Экономика министрлигинин башкы адиси Эрлан Абдыкадыров.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-июнда маалымдалгандай, Орусия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болгон. Ал үчүн жүк ташуучулар продукциясына сертификат гана алышы керек экенин Эрлан Абдыкадыров кошумчалады. Жалпысынан Кыргыз Республикасынан 18, анын ичинен 15 сүт, балык жана эт азыктарын иштетүүчү ишкана гана Орусия менен Казакстанга азыктарын текшерүүсүз киргизе алат.