Мамлекеттик каттоо кызматы 7 миллион 460 миң АКШ долларына барабар долбоорго кол койду

Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Корея Республикасынын Эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосунда биометрикалык паспорттук системди киргизүүчү долбоорго кол коюлду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Гранттык негиздеги долбоор 7 миллион 460 миң АКШ долларын түзөт. Долбоордун башкы максаты -биометрикалык ID-карталардын жардамы менен шайлоодогу ачыктыкты жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу.

"Шайлоо процессин жакшыртуу үчүн бирдиктүү мамлекеттик реестрдин экинчи планын аткаруу иштери жүрүп жатат. 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо жарандардын шайлоо укугун коргоо максатында жарандарды идентификациялоо үчүн пайдаланылат. Бул долбоор KOICA`нын жардамы менен ишке ашат", - деди Тайырбек Сарпашев.

Тайырбек Сарпашев мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта берүү үчүн биометрикалык технологиялардын негизинде адамдын өздүгүн аныктоочу универсалдуу аспап түзүү керектигин айтты. Өз кезегинде KOICA жетекчиси Пак Сунжи бул долбоордун маанилүү экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tyrgon
2016-06-28 19:45:04
Бул тайирбек акабыз дагы жеп кетет экенде
0
Uson13
2016-06-28 19:54:33
Тайырбекти иштен алыш керек кооп кетти паспорттон улутун алып салабыз деп
+3
Labadax
2016-06-28 20:20:53
Паспортко улутун жазбаса Кыргыз экенибиз унутулуп очконунун башталышы.Ушул туурасында ХХХ ойлонушса дейим.
+5
admin_portal
2016-06-29 08:57:11
Labadax, этика нормаларын сактаңыз!
0
World_of_tanks
2016-06-28 22:48:20
Кайсы ХХХ олтуруп алып ойлоп тапкан кайсы мамлекетте мындай нерсе бар улутту жазылбаган паспорт биз эмне кочодо калганбызбы азбы коппу тарыхыбыз бар КЫРГЫЗ деген же эмне ар бир мамлекеттен КАРЫЗ ала берип тааныбасын деп чондор уялып жатабы ХХХ ХХХ ХХХ
+4
admin_portal
2016-06-29 09:07:13
World_of_tanks, этика нормаларын сактаңыз жана жалаң баш тамгалар менен жазылган билдирүү калтыруудан алыс болуңуз!
0
sagunur2016
2016-06-29 01:51:21
российск.паспортто улуту деген жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан