Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы эки жардыруудан каза болгон жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экендиги такталып жатат. Бул тууралуу 29-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жардыруу 28-июндан 29-июнга караган түнү орун алган. Түркиянын маалымат каражаттары жаракат алгандардын саны 147ге, каза болгондордун саны 36га жеткенин кабарлашууда. Алардын айрымдары чет элдик жарандар болушкан. Жардыруу эл аралык каттамдар терминалында болгон. Учурда полиция жана "Тез жардам" кызматы өз иштерин аткарып жатат.