Кара-Суу районунун Мады, Аксынын Мундуз айылында спирт ичимдиктерин сатууга чек коюлду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын ноябрь айында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам Тээке айылынын тургундары дүкөндөрдөгү спирттик ичимдиктерди жок кылуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Катуу жүргөн селден улам Лаглан айылындагы спирттик ичимдиктер көп сатылган дүкөн кыйроого учурап, товарлары сууга агып кеткен. Бир нече үй зыянга учураган.
Айылдыктар жаратылыш кырсыктарынын көп болушун ислам дининде тыюу салынган спирт ичимдиктерин адамдар ичип, жаман жолдорго барып жатканы менен түшүндүрүшкөн. Учурда Лаглан айылында 70 кожолукта 350 адам жашаса, Тээке айылында 50 кожолукта 200 адам жашайт.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын ноябрь айында болгон жер титирөөдөн улам Тээке айылында 22 үй 4-даражада зыянга учураган.
Ал эми Аксынын Мундуз айылында 3 жылдан бери спирт ичимдиги сатылбайт.
"Мундуз айылында 3 жылдан бери спирт ичимдиги сатылбайт. Биздин эл абдан ынтымактуу. 3 жыл мурда жума намазында элди чогултуп, имамдар ушул маселени көтөрүшкөн. Көтөрүлгөн маселени эл колдоп, азыркы убакта бир дагы дүкөндө спирт ичимдиги сатылбайт. Айрым учурларда атайын кыдырып, көзөмөлдөп турабыз", - дейт Мундуз айылынын айыл башчысы Жеңиш Мырзаев.
Белгилей кетсек, Мундуз айылында 200 кожолукта 1150 адам жашайт.