Аксы районунда паспорттон "улуту" деген жазууну алып салуу демилгесине каршы жана Үңкүр-Тоо маселеси боюнча митинг өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына "Эл үнү" коомдук-саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Надырбеков билдирди.
"Митингде беш маселени көтөрүп чыгабыз. Алгач чек ара меселеси, "Үңкүр-Тоо", "Кумтөр" кени жана өлкөдөгү башка кендер маселеси, паспорттогу "улуту" деген графаны алып салууга каршы ойлор айтылат, Токтогул суу сактагычындагы суу, электр энергиясы жаатында 700 киловатт-сааттан ашкан төлөмдү алып салуу талаптары коюлат. Мындан сырткары социалдык маселелер да көтөрүлөт. Митинг ушул жылдын 12-июлунда Кербен шаарында өтөт", - деди Надырбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин 2016-жылда Аксы районунда чек ара жана социалдык маселелер туурасында бир канча жолу митингдер өткөрүлүп келген.