Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы эки жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. "28-июнь күнү Стамбулдан Бишкекке саат 21:35те жана 00:35те эки аба каттамы бар болгон. Түркиялык авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү 19:35 жана 22:35те каттоодон өтүшмөк. Жабыр тарткандардын арасында каттоодон өтүп жаткан кыргыз жарандары бар болушу ыктымал. Учурда аталган каттамдарга билет алган кыргыз жарандарынын саны такталууда", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 36га, жаракат алгандардын саны 147ге жеткен. Алардын арасында чет элдик жарандар да бар болгон.