Мамлекеттик сатып алууларда 6 айдын ичинде 72 коррупциялык тендер аныкталган

Мамлекеттик сатып алууларда 6 айдын ичинде 72 коррупциялык тендер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Сүйүнтбек Мусуралиев 2016-жылдагы сатып алуулар боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында мамлекеттик сатып алуулар порталында жашырылган тендерлер тууралуу маалыматтар жазылган. Бул маселелер тууралуу Сүйүнтбек Мусуралиев буларга токтолду: "Коомчулуктун жана журналисттердин жардамы менен сатып алуудагы коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. 6 айдын ичинде 72 коррупциялык тендер аныкталган. Алардын бешөө учурда расмий түрдө жокко чыгарылган. Эң ири тендер (431 миллион сомдон ашуун) Ош шаарында көп кабаттуу үй салууга жарыяланган. Башка 4 жокко чыгарылган сатып алуулар 1 миллион сомго жетпейт. Учурда калгандарын аныктоо үчүн азыр иликтөөлөр жүрүп жатат.
Эми программисттер менен биргеликте бир системди иштеп чыктык. Ага ылайык, мамлекеттик сатып алуу электрондук порталында сөздөр бир гана кириллица же латынча жазылышы керек. Бир сөздө латынча, кириллица аралашкан болсо кабыл албайт. Кетирилген мүчүлүштүктөр оңдолду".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gema
2016-06-29 13:25:17
ошолорго коз салып контрольго алышсын,оз билемдик кылышпай!!!
0
Gema
2016-06-29 13:26:24
канча деген акчалар ичип желмнип атат!
0
KGstan1981
2016-06-29 14:12:02
Альбетте каттуу козомолго алуу керек кече мына Баткенде бир кичинекей эле бир кабаттуу имаратты 5 млн сомго бутурушуптур бул аябай коп суммада а мындай мисалдар толтура
0
admin_portal
2016-06-29 15:32:47
Ashygym, провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан