28-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кара-Кече көмүр кесиминдеги "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын филиалында болуп, көмүр ишканасынын жумушчулары менен жолукту. Анда жумушчуларга эки-үч айдан бери эмгек акысы берилбей келгени белгилүү болду.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ишкананын филиалынын техникалык директору жана учурда убактылуу директордун милдетин аткарып жаткан Кадыркан Абдырахмановдун айтымында, аймакта тазалоо иштери жүрүп жатат. Бир айдан бери жетекчи маселеси чечилбей, бүгүнкү күндө көмүр казуу пландалгандан 30 пайыз артта калууда. Жумушчулар эки-үч айдан бери эмгек акысын ала элек. Жетекчи шайланып, иш башталса, айлык маяна көйгөйү чечилерине үмүт артышты алар.
Облус башчы жумушчулардын ой-пикирин угуп, Кара-Кечеде жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан тартип орнотулганынан улам көмүр уурдоо жоголуп, киреше 3 эсеге көбөйгөнүн айтты. Буга чейин бул жайда 250 миң тонна көмүр казылып келсе, 2015-жылы казылган көмүрдүн өлчөмү 700 миң тоннага жеткен.