Электрондук сатып алуулар порталынын иштөө мезгилинде жалпысынан 61 миллиард сомдон ашуун суммага келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Сүйүнтбек Мусуралиев 2016-жылдагы сатып алуулар боюнча маалымат жыйынында билдирди.
"Коррупцияны азайтуу максатында 2014-жылдын июнь айында мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук портал расмий түрдө ишке кирген. Ошондон тарта бардык уюмдар сатып алууларды электрондук түрдө жүргүзө башташкан.
Электрондук сатып алуулар порталынын иштөө мезгилинде жалпысынан 61 миллиард сомдон ашуун суммага келишимдер түзүлгөн. 2016-жылдын 15-июнуна карата 10 844 сатуучу-көтөрмө уюм жана 2723 сатып алуучу уюм катталган. Учурда сатып алуулар тармагында мыйзамдарды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип жатат. Жалпысынан мамлекеттик сатып алуулар системи жеткиликтүү деңгээлде иштеп жатат. Бирок учурда порталда кээ бир мүчүлүштүктөр жана техникалык катачылыктар болууда",- деп билдирди Мусуралиев.