Жалал-Абад шаарында 400 адамдын катышуусунда диний темада эркин баарлашуу конференциясы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынга Жалал-Абад облусунун дин өкүлдөрү, мечит, медресе кызматкерлери, жаш активисттер, укук коргоо органдары жана атайын дин жаатындагы серепчилер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө салттуу дин тууралуу маселелер талкууга алынып, мамлекеттин коопсуздугуна жана өнүгүшүнө дин тармагынын өзгөчө орду маанилүү экендиги айтылды.
"Ататүрк" университетинин башчысы Нурлан Исмаилов: "Учурда салттуу ислам динин карманып келе жатабыз. Айрым учурларда бир топ кемчиликтер кездешет. Мунун баарын коомчулук менен жапа тырмак киришип жоюшубуз керек", - деп билдирди.
Аталган илимий республикалык конференцияны өткөрүү демилгесин Жалал-Абад казыяты көтөрүп чыккан. Казыяттын диний түшүнүктү арттыруу максатында өткөрүлүп жаткан иш-чарасын облустук укук коргоо органдары колдоого алып, уюштуруу иштерин жүргүзүшкөн.