Америкалык жөө күлүк Дин Карназес эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата кыргыз жерине келет

Америкалык атлет-жөө күлүк Дин Карназес 29-июндан 10-июлга чейин байыркы Жибек жолунун багыты менен Өзбекстан, Кыргыз Республикасы жана Казакстан аркылуу чуркап өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

Мындай чуркоо аталган үч өлкөнүн эгемендүүлүк майрамынын 25 жылдыгына карата АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган. “Sport Envoy” программасынын алкагында 11 күн аралыгында Ташкенттен Бишкекке, андан соң Алматыга чейин 525 чакырымды чуркап өтөт.

“АКШнын өкүлү катары күн сайын орточо 80 чакырымды чуркап өтүү менен бирге Карназес жергиликтүү тургундар менен таанышып, аларга чуркоо боюнча кыскача сабак өтүп, бардык курактагы жарандарды чуркоого чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jooshbai
2016-06-29 15:42:38
Kyrgyzstanga ne paida owondo
0
Rifle_S
2016-06-29 18:32:57
Спортту даңазалоо, спорт менен жашоого чакыруу . Азыр велоспортту да жарйылтып жатышат го, ошрндой сыяктуу эле иш чара. Бул жакшы идея. Келе берсин.
0
Istina1000
2016-06-30 00:08:32
Стимул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан