Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы эки жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Башкы консулдугунун маалыматына таянып билдирди.
"Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, жардыруудан 40 киши каза болгондугу такталды. Алар Түркия, Украина, Тунис, Сауд Арабия, Иран, Өзбекстандын жарандары экендиги айтылууда.
Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.