SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ар кандай улуттардан куралган үй-бүлө" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Сүйүү улутка, жашка карабайт дейт эмеспи. Ошентсе да биз, кыргыздар, улутубуздун канын таза сактаганга аракет кылсак жакшы болор эле".
"Кылымдар бою жоголбой, аз болсок да сакталып калган улутубуздун канын бузбай, тээ илгерки калыпта сактап, өз улутубуздун эле мырзаларынан бакытыбызды табалы. Адамдын бактысы биринчи орунда болуш керек. Кыздардын баары эле катары менен башка улуттун адамдарына турмушка чыкканына каршымын. Эгер ошол адам менен чынында эле бактылуу болсо, анда каршылык жок. Мен ар кандай улуттан турган үй-бүлөлөрдү көргөм. Негизги тили - кыргыз жана орус тили, балдарынын тарбиясы да жакшы, үйүндө тартип да өз ордунда, демек, улуттан эмес, адамдын өзүнөн".
"Бир тааныш түрк жигит бар эле, аялы орус. Эгиз кыздарына орусча, бири-бири менен англисче сүйлөшүшчү. Анан да эгиздин бири атасындай кара тору болуп түрктөргө окшошуп кетсе, экинчиси апасына окшош болчу".
"Метис адамдар сулуу болушат".
"Менин агам тувин кызга үйлөнгөн. Башында экөө тең орусча сүйлөшүшчү, кийин жеңем акырындык менен кыргыз тилин дагы үйрөндү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.