Тынчтыкбек Шайназаров эки жыл ичинде жарандарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткандардын өздөрү жоопкерчиликке тартылбаганын айтты

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдары тарабынан жарандарды мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары угулду.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун берген маалыматына караганда, Жогорку Сот менен Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти тарабынан актоочу өкүмдөр боюнча статистика жүргүзүлбөйт. Отчётто Улуттук статистика комитетинин маалыматтары келтирилген (бул маалыматтарга укук коргоо органдарынын жетекчилери кол койгон). 2014-жылы 106 кылмыш ишинин алкагында 173 жаранга актоочу өкүм чыгарылган. Ал эми 2015-жылы 75 кылмыш ишинин негизинде 111 жаранга актоочу өкүм чыккан.

Талкууда эл өкүлдөрү мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагдайларын болтурбоо үчүн тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнүн кажети жоктугун, мында тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгын айтышты. Ошондой эле бул маселе боюнча даярдалган Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун катуулатып жазуу боюнча сунуштар берилди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан