Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасы аркылуу берилген окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Окурман "Эмне үчүн мамлекеттик документ мамлекеттик тилде толтурулбайт? "Атасынын аты" деген жерге эмнеге аты жазылбай, "Кубатовна" деп жазылат? "Атасынын аты" деп тургандан кийин "Кубат" деп жазылышы керек да? Эмне үчүн биринчи аты эмес, фамилиясы жазылат? Кыргыздарда биринчи аты маанилүү да. Эмне үчүн "фамилиясы" деп жазылат? Логикалык жактан кыргызча "теги" деген туура го? Эмнеге кыргыз мамлекети үчүн жат болгон -ов, -ова, -ович, -овна деген кошумчаны алып салуу колго алынбай жатат?" деген суроолорду берген эле. Окурман орус тилинде толтурулган Кыргыз Республикасынын жаранынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн сүрөтүн жиберген.
Тайырбек Сарпашев мамлекеттик документтерди толтурууда кош тил колдонуларын айтат.
"Мамлекеттик документтер эки тилде, кайрылуучулардын өз ыктыяры менен толтурулат. Сиздер мисал кылган сүрөттөгү күбөлүк Бишкек шаарынын Свердлов райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү тарабынан берилген документ. Бул документтин орус тилинде толтурулушун жөн гана шаар жергесинде берилгендиги менен түшүндүрүп кетсек болот. Ал эми ошол эле учурда айыл жергесинде жарандык абалдын актыларын каттоо кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бирок көпчүлүк жарандар өз каалоосу менен расмий тилди тандап алышат. Анткени чет өлкөгө чыгууда документтерди расмий тилге которуу жана нотариалдык күбөлөндүрүү маселелери болбойт. Документти толтурууда тил тандоого чек коюлбайт, кайрылган жарандардын өз каалоосу менен мамлекеттик же расмий тил менен толтурулат", - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы.
Калган суроолор тууралуу Сарпашев буларды билдирди:
"Бул маселелер коомдо кайталанып туруучу эң маанилүү маселелердин бири. Эсиңиздерге сала кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин өз каалообуз менен баарыбыз "уулу, тегин, кызы" деген варианттар менен документтерди жаздырып алдык эле. Тилекке каршы, ар кандай себептер менен аты-жөнүн өзгөрткөндөр көп. Статистиканы карасак, 2015-жылдын жыйынтыгы менен 35 118, 2014-жылы 47 263 жаран кайрадан мурунку нормага, -ов, -ова,
-ович, -овна деген вариантка өткөн.
Бул жердеги сандарга көңүл бурсак, бул муктаждык каяктан келип чыкты, эмне үчүн ошол "уулу, тегин, кызы" деген варианттар кайрадан -ов, -ова, -ович, -овна дегенге которулуп жатат? Аты-жөнүн өзгөртүүгө мыйзам чегинде жол берилген, эгерде жаран аты-жөнүн өзгөртөм десе, Мамлекеттик каттоо кызматы эч кандай тосскоолдук кылбайт, тескерисинче, жаран каалагандай жана каалаган тилинде да жазып берет.
Ошондой эле мамлекеттик мааниге ээ документтердин баары мамлекеттик тилдин нормасында жазылыш керек деген талап мыйзамдын негизинде коюлса, Мамлекеттик каттоо кызматы Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирдикте мамлекеттик тилдин гана нормасында бардык документтердин үлгүсүн иштеп чыгып коомчулуктун назарына коюуга даяр".