Жайкы каникулда борбор калаадагы шаардыктардын эс алуусунан фоторепортаж

Мектеп окуучулары жайкы эс алууга чыгып, айрымдары тоолуу аймакка лагерге эс алганы кетишсе, айрымдары күндүн ысыгына карабай шаардагы сейил бактарда эс алышат. Бишкектеги жашоочулар жайкы эс алууну кандай өткөрүп жатышканын байкап көрдүк.

Бишкектеги Панфилов сейил багында эс алып жүргөн шаар тургуну Гүлниза Айтикеева: "Жайкы каникулда жуманын ар шаршемби күнү аттракциондорду колдонуу 50 пайызга арзан болот дегенди угуп келдик. Чынында эле арзан экен. Башка күндөрү аттракциондорду колдонуунун 3 мүнөтү 50 сом болсо, бул күнү 25 сом гана төлөп жаттык. Коомдук жайда эс алуу балдардын аң-сезимин, дүйнө таанымын өстүрөт. Ошондуктан балдарга шарт түзүү керек", - дейт.

"Эс алуу үчүн бир гана шаардыктар келген жок. Мында айылдан келген коноктор да бар. Маселен, менин инилерим айылдан келип эс алып жатышат. Алар үчүн шаардагы эс алуу ойдогудай өтүүдө. Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык болсо эс алуу да болот, өнүгүү да болот", - дейт шаар тургуну Элмира Жумагулова.

Белгилей кетсек, аттракциондору бар негизги сейил бактардын саны шаар боюнча төрттү түзөт.

Борбор калаада шаардыктардын эс алуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stervella415
2016-06-29 20:44:48
Biwkekigmdi sagyndyyyyym::::(((((
0
Usow
2016-06-29 21:44:37
сагындым менда былтыр бул убактары сейилде болот элек шаарда эх чиркин
0
Asyl19.09.90
2016-06-30 00:31:06
Кудайга шугур борборубузда ушул Панфилов паркы бар экен болбосо аты парк ичинде еч нерсеси жок парктарга бармакпыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан