Аксыда Үңкүр-Тоону коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин катчысы Шекербек Камчыбек уулу билдирди.
Анын айтымында, комитет 2016-жылдын 15-июнунда түзүлгөн. "Мындагы максат - стратегиялык мааниге ээ болгон Үңкүр-Тоону сактап калуу. Кербен шаардык кеңешинин депутаттары Бозбу тоосундагы Ителги аймагынан санариптик берүүгө жана уктурууга ылайыкташкан жаңы технологияны орнотууга 30 сотых жер бөлүп беришкен. Биз шаардык кеңештин бул кадамдарына макул эмеспиз. Биздин талап жана максат - жаңы технологияны Үңкүр-Тоого курууну ишке ашыруу",- дейт Камчыбек уулу.
Белгилей кетсек, Үңкүр-Тоонун айланасында Устукан, Мамай айылдары орун алган. Устукан айылында 24 түтүн, Мамай айылында 50гө жакын түтүн эл жашайт. Эки айылда биригип 500гө жакын эл бар.
"Ителги аймагына санариптик берүүгө ылайыкташкан жаңы технологияны орнотуу менен Үңкүр-Тоодогу аналогдук, азыркы пайдаланып жаткан радиостанция таштандыда калат. Анткени мамлекет 2017-жылы аналогдук берүүнү өчүрүп, санариптик берүүгө өтөт. Ошондуктан санариптик берүүнүн тетиктерин Үңкүр-Тоого орнотууну талап кылабыз", - деп кошумчалады Камчыбек уулу.