Ала-Бука районунда 10 миң наристе балдар бакчасына барбайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Атыр Алматова билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө район боюнча 27 бала бакча бар. Ала-Бука районунун 8 айыл аймагында 100 миң калк жашайт.
"Учурда район боюнча 10 миң наристенин балдар бакчасына баруу мүмкүнчүлүгү жок, анткени бала бакчалар жетишсиз. Азыркы убакта 27 гана бала бакча бар. Учурда аларды көбөйтүп, бакчага барбай калган наристелердин санын кыскартуунун аракетин көрүп жатабыз. Район боюнча 3020 гана наристе бала бакчада тарбияланууда", - деп билдирди Алматова.