Америкалык суучул Майкл Фелпс бүгүн, 30-июнда 31 жашка толду. Спортчу 1985-жылы АКШнын Балтимор шаарында туулган. Ал 7 жашынан баштап сууда сүзүү менен алектене баштаган.
Спортчу "Афины-2004", "Бээжин-2008" жана "Лондон-2012" Олимпиадаларына катышып, жалпысынан 18 алтын медаль уткан. Ошондой эле 2 күмүш, 2 колону багындырган. Мындай көрсөткүч аталган спорт түрүнүн тарыхында катталган эмес.
Спортчу 2012-жылы чоң спорттон кеткенин жар салган, бирок 2014-жылдан тарта ал эл аралык мелдештерге катыша баштаган.