Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырымга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу 30-июнда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
“Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Стамбул шаарынын "Ататүрк" Эл аралык аэропортунда болгон теракттын натыйжасында көп сандаган курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Биз терроризмге жана экстремизмге каршы аёосуз күрөштү күчөтүү боюнча дүйнөлүк жана аймактык күчтөр менен биргебиз жана бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү түрдө айыптоого алабыз.
Стамбул шаарынын "Ататүрк" Эл аралык аэропортундагы адам курмандыктары менен коштолгон кайгылуу окуяга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ушул кайгылуу учурда биз бир тууган Түркия эли менен бирге орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалады.