5-июлда Айт намаз Бишкектеги эски аянтта окулбай турганын Бишкек мэриясынан кабарлашты. Эски аянтта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, Айт намаз "Жеңиш" аянтынын жанындагы Фрунзе көчөсүндө окулат. Намазга жыгылуу саат 07:30да башталып, 08:10до аяктайт. Коомдук тартипти Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгы көзөмөлгө алат.
Буга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары эски аянтта окулуп келген.