30-июнда Жогорку Кеңеште айыл чарба багытындагы сугат жерлерди сактап калуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев.
Демилгечинин берген маалыматына караганда, КРнын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун мурдагы чакырылыштагы тармактык комитет үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мыйзам долбоору каралбай калган. Азыр ага үчүнчү окууда кайрылып келүү зарыл.
Белгилей кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору аркылуу аянты 5 гектарга чейинки сугат жер тилкелерин бөлүп сатууга тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Демилгечинин пикиринде, мыкты жерлердин катарына кирген сугат жерлерин майдалап сатуу алардын түшүмдүүлүгүн азайтат.