Жогорку Кеңеште "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, аталган мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр ички миграция чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
"Ички жер которуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, каттоо эсебине алууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандын ким экендигин ырастоочу күбөлүк убактылуу документ болуп эсептелет. Ошондон улам мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында жогоруда аталган мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу демилгеси сунушталууда.