SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "68 жаштагы окуучу" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Күн сайын непалдык Дурга Камил мектеп формасын кийип окууга жөнөйт. Камилдин жубайы каза болгон, 15 жылдан бери жалгыз жашайт. Ал өмүр бою билим алууну, мугалим болууну кыялданган, бирок жетишпеген жашоонун айынан кыялдары орундалган эмес. Эми жашы бир топко барып калганда кыялын орундатууга киришти. "Тирүү экенмин, билим алуу максатында мектепке келүүнү улантам. Мындай кадамым менен башкаларга үлгү болуп, билим алуу эч качан кеч эмес экенин айткым келет", - дейт 68 жаштагы мектеп окуучусу.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.