Бүгүн, 30-июнда белгилүү тамада, шайыр шоумен Бакыт Байсариев туулган күнүн белгилеп жатат. 31 жашка толгон шоуменди өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыктык:
"Куттуктаганыңыздарга рахмат, майрам таң эрте саат 6да эле башталган. Инстаграмда куттуктоо жазгандарга жооп берүүгө жетишпей жатам. Албетте, мындай нерсе адамды кубандырат экен. Кудайга шүгүр, маанай азыр аябай сонун. Өздүк майрамды кийин деле шашпай белгилейбиз. Себеби учурда ыйык Орозо айы болгондуктан туулган айылыма келип, чоң энемди эскерип, куран окутуп жатабыз".
30-июндун жылнаамасы.