Терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс жана жеңилдетилген жазалоо колдонулбайт

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Жээнчороев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан. Террористтик же экстремисттик ишти эл алдында ачык жактырганы, куралдуу кагылышуу же согуштук аракеттеги зоналарга жашы жетпегендерди алып барганы, терроризм актылары жөнүндө көз көрүнө жалган билдиргени, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө же ден соолугуна кол салганы үчүн жазык жоопкерчиликти күчөтүү боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Долбоор аркылуу терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс жана жеңилдетилген жазалоо колдонулбастыгы боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chynara-84
2016-06-30 13:44:19
Элдик кабар иштебей жатабы?
0
admin_media
2016-06-30 14:58:53
chynara-84,
Саламатсызбы! Иштеп жатат.
0
chynara-84
2016-06-30 15:43:13
Менин кабарым эмнеге чыкпай жатат?Мумкун болсо жооп берип коесуздарбы?Ош Аэропорту боюнча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан