Биз социалдык тармакта

"Тазалык" ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда

Мэрияга караштуу "Тазалык" ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда. Аталган ишкананын жумушчулары таң эрте чөптөрдү чабуу, шаар көчөлөрүн иретке келтирүү жана жолдорду жууп-тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда билдирди.

"Учурда ишкананын кызматкерлери чөптөрдү тазалоо жана жашыл чөп тосмолорун кыркуу боюнча Бишкек шаарындагы Медеров, Тыныстанов, Москва, Горький, Чолпон-Ата, Орозбеков, Жибек-Жолу, Токомбаев, Байтик баатыр көчөлөрүндө иштеп жатышат. Шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо үчүн 9 суу чачып жуучу унаалар чыккан. Ошондой эле штаттык режимде таң эрте "Тазалык" ишканасынын көчө шыпыруучулары иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
M89
2016-06-30 15:13:10
Азаматсынар. Шаарыбыз гүлдөйберсин!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан