Кинотеатрда орун талашып уруша кеткен эки кыз элдешти

Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарда Конституциялык палатанын соту Жедигер Саалаевдин кызы Эльзат Жедигерова менен Айзат Дастанова аттуу кыздын ортосунда болгон окуя кызуу талкууга алынган эле. Анда Эльзат Жедигерова курбусу экөө кинотеатрга барып, ал жактан Айзат Дастанова менен орун талашып уруша кетишкен.

Мындан улам Эльзат Жедигерова “Айзат Дастанова чачымдан кармап, чаап-тепти. Эки айдан ашса да жулунган чачымдын ордуна чач өсө элекдеп арыз жазган эле.

Ошол учурда Айзат Дастанова да Эльзат Жедигерованын акча сурап жатканын айтып, үстүнөн милицияга арызданган болчу.

Бүгүн, 30-июнь күнү Айзат Дастанова SUPER.KG порталына эки тарап элдешип алышканын айтты.

Кичинекей окуя чоң чырга айланып кетти. Иш жакын арада бүтчүдөй эмес. Мындан улам эки тарап макулдашып, элдешип алууну туура көрдүк. Азырынча тосмо арыз жаза элекпиз”, - деди Айзат Дастанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KGstan1981
2016-06-30 14:32:20
Жакшы эле болуптур Ыйык Орозо айында жарашып алгыла.Биз эркектер кобу мушташып дос болгонбуз силер дагын дос болуп алгыла!
+7
bosmos777
2016-06-30 14:33:20
Жакшы иш болуптур! Урматтуу Кыргызымдын кыздары акылдуу болуп.Эне тилде суйлоп. Дегеле бироолорго кызык корунбой.Урушпай,талашпай ынтымакта жашагыла! Баарбыздын Ата энебиз кызмат даража же барктуу,малдуу байлууктуусуна,жупуну жонокойлугуно карабай.Жакшы жактарыбыз менен сыймыктанып таанылсын!
+9
mayrambek
2016-06-30 14:38:48
Бугунку кундун эн жакщы кабары болду..
+5
tashi62
2016-06-30 15:26:31
Мен бул кыздарды кыргыз дегим келбей жатат себеби кыргыз тилинде сүйлөй албайт экен .
+5
KaiMak
2016-06-30 16:28:03
орус кыздарбы
+1
jymabay1982
2016-06-30 16:41:54
БАКТЛУУ БОЛГУЛА ЭН КУЧТУУ АДАМДАР КЕЧИРИМДУУ БОЛУШАТ
+1
Nurkyz1977
2016-06-30 20:46:52
Кыз адеби кымбат кыргызымдын сулуу кыздары ыйманынардан жазбай мээримдуу назик болсонор экен.
0
make2
2016-06-30 21:25:40
Киргиз кыздар!
0
Rifle_S
2016-06-30 21:28:35
Соц тарактагы талкуулар кулагына жетти окшойт. Качан эле жарашып алса болмок. Анан да өз оюн кыргызча так билдире алган жакшыраак болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан