Бир канча күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда Конституциялык палатанын соту Жедигер Саалаевдин кызы Эльзат Жедигерова менен Айзат Дастанова аттуу кыздын ортосунда болгон окуя кызуу талкууга алынууда. Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болгон. Анда Эльзат Жедигерова курбусу экөө кинотеатрга барып, ал жакта Айзат Дастанова менен орун талашып уруша кетишкен. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки тараптын оюн угуп көрүүнү туура көрдүк.
Эльзат Жедигерова: “Ошол күнү Акжолтой аттуу курбум экөөбүз билет сатып алып киного барганбыз. Билетте 5-катар, 10-11-орун деп жазылып турган. Бизге тиешелүү орундукка барганыбызда 11-орунда сумка турган экен. 9-орунда отурган Айзат Дастановадан сумканы алып коюуну сурандым. Ал сумканы алып коюунун ордуна жаман сөздөрдү айтып кирди. “Бул бизге тиешелүү орун, билетте жазылып турат” десем да болбой койду. Анан ортобузда кайым айтышуу болуп, жыйынтыгында мушташа кеттик. Көрүүчүлөр, администратор келип бизди ажыратып калышты. Мен сыртка чыгып баратканда Айзат Дастанова чачымдан кармап, чаап-тепти. Эки айдан ашса да жулунган чачымдын ордуна чач өсө элек. Администратор аларды залга киргизип, бизди киргизген жок. “Эмнеге билети жокторду киргизесиңер?” десем, “билгениңерди кылып алгыла” деп койду. Көрсө, Айзат Дастанованын кинотеатрда иштеген таанышы бар экен. Мен милиция чакырдым. Милиция келгиче Айзаттын жигити арыз жазбашым үчүн 2 миң сом сунуштады. Ал нерседен баш тарттым. Кечинде үйгө барганда башым айланып, өзүмдү жаман сезгендиктен, ооруканада 10 күн жатып чыктым”.
Айзат Дастанова: “30-апрель күнү сиңдим экөөбүз киного барганбыз. Сиңдим сумкасын жанындагы орундукка таштап сыртка чыгып кеткен эле. Ошол учурда эки кыз келип сумканы мен жакка ыргытып, жаман сөздөрдү айта башташты. Анан экөөбүз уруша кеттик. Кино көргөнү келгендер бизди ажыратып калышты. Холлго чыкканда да ар кандай жаман сөздөрдү айтты. Ортого эл түшүп, араң басылдык. Биз кинону көрүү үчүн залга кирип кеткен элек. Бир маалда администратор келип бизди милиция чакырып жатканын айтты. Көрсө, алар менин үстүмдөн арыз жазышыптыр, мен да арыз жаздым. Башында 5 миң сом сурап жатышты эле, кийин байкемден 200 доллар сурашыптыр. Албетте, ал нерсеге биз макул болгон жокпуз. Анткени ал жерде жабырлануучу мен болчумун. Кийин Эльзаттын атасы келип мени коркута баштады. Билбейм, ал кишиге окуяны кандайча айтып беришкен. Аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Ошол эле күнү окуяны уккан апам ооруканага жатып калды. Мен мындан улам ооруканага жаткан жокмун. Акча каражаты да тартыш эле. Иштин узакка созулушун билгендиктен, жарашууну көздөп ага баргам. Анткени май айынын башында чет өлкөгө иштегени кетишим керек эле. Бирок Эльзат ооруканада дарыланганы үчүн 50 миң сом жана моралдык компенсация үчүн сиңдим экөөбүздөн 120 миң сом сурады. Буга, албетте, каршы болдум. 18-июнда тергөөчү менин күнөөлүү экенимди айтты”.
Бул окуя тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, иш тергелип жатканын билдиришти.