Жайкы каникулда Бишкектин 402 окуучусу Ысык-Көлдө эс алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Калаа окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы "Келечек" лагеринде эс алуу үчүн шарт түзүлүп берилген.
Балдарды эс алууга жиберүү 5 агымда өткөрүлөт. Алгачкы топ 20-июндан 30-июнга чейин жиберилди. Кийинки топ 30-июндан 10-июлга чейин эс алат. 3-топ 10-июлдан 20-июлга чейин болсо, 4-топ 31-июлдан 10-августка чейин, 5-топ 10-августтан 20-августка чейин жиберилет.
"Лагерде эс алуу программасына ар түрдүү иш-чаралар камтылган. Жөн гана эс алуу эмес, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана чыгармачылыкты өз алдынча ишке ашырууга багытталган иш-аракеттер жүргүзүлөт. Каникул ичинде жалпысынан 402 окуучу лагерге эс алууга жиберилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.