Түркиялык басылмалар 43 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштургандардын сүрөттөрүн жарыялашты

Бүгүн, 30-июнда түркиялык басылмалар Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда 43 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштургандардын сүрөттөрүн жарыялашты. "Haber Turk" басылмасынын маалыматына таянсак, жардыруу уюштурган 3 адамдын бири Орусиянын жараны (Чечен Республикасынын тургуну) О.В экендиги аныкталды. Алар 32 күн мурун Сириянын түндүгүндөгү Эр-Ракка шаарынан Түркияга келип, Стамбулдагы Рахим районунан ижарага батир алып жашап турушкан.

Алар жардыруу уюштурардан мурун аэропортко кирип келе жатканда аэропорттун байкоочу камерасына түшүп калышкан.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43, жаракат алгандар 147ге жеткен. Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар. Ал сол колунан жеңил жаракат алган, кечээ ооруканадан чыгарылмак.

Стамбул аэропортунда жардыруу уюштурган террорист видеого түшүп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jooshbai
2016-06-30 15:52:54
Orustar menen emi ele jarawty ele kairadan taarynywat eken da
0
limuna
2016-06-30 16:52:41
Супер инфо тактаб бергилечи уч жанкечтердин бироосу кыргыз деб окудум чынбы жалганбы (
+1
Kanzada97
2016-06-30 17:03:24
limuna,Кудай сактасын кыргыз болбосун
0
Mers124
2016-06-30 17:10:24
Бирөө кыргыз жараны дейт го.
+1
skromnyi.sexy
2016-06-30 17:46:42
Бироо кыргыз екинчиси узбек учунчусу Россия дагестанец екен
+1
limuna
2016-06-30 17:53:58
Кыргызстандык озбек болсо керек да
+4
Uson13
2016-06-30 18:07:28
Кыргыз деген такталбаптыр
0
suban78
2016-07-06 08:48:38
Кыргыз эмес, мен ишенем буга, кыргыздар фанатик болбогон эч качан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан