Стамбулдагы жардыруудан жаракат алгандардын арасындагы 17 жаштагы Бактияр Юнусов кыргыз жараны болуп чыкты

Стамбулдагы жардыруудан жаракат алгандардын арасында бир кыргыз жараны бар экенин Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Руслан Молдакунов 29-июнда SUPER.KG'ге билдирди. Учурда жаракат алган 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов ооруканада жатат. Ал сол колунан жаракат алган. Юнусов бүгүн ооруканадан чыга турганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин: "Стамбулдагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жардыруу болгондон бери күнү-түнү ошол жерде туруп, тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин кризистик борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандарын арасында 17 жаштагы Бактияр Юнусов жана 20 жаштагы Рыфат Салимов аттуу жарандар бар экендиги кабарланууда. Учурда биздин кызматкерлер аталган эки жарандын жарандыгын тактап жатышат. Эгер биздин жарандар болуп чыкса, бардык жардамдарды көрсөтүшөт", - деп билдирген эле.

20 жаштагы Рыфат Салимов Өзбекстандын жараны болуп чыкты.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 36га, жаракат алгандардын саны 147ге жеткен.

Учурда Стамбулдун тургуну Атилла Гүвендин айтымында, шаарда абал туруктуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
marqarita
2016-06-29 15:56:09
кыргыз эмес туугандар окшойт аты жонуно караганда
+6
Uragan07
2016-06-29 17:38:27
marqarita,тууган дебечи аларды. Неси тууган? С.....рдан дегиле. Банга кетпеш учун ушинтип жаздым.
+7
Elmar
2016-06-29 16:28:01
Кыргызстандык озбек улутунлагы жаран деп жазса менин журогум кичинее болсода жылый тушот эле((
+20
Rifle_S
2016-06-29 18:27:20
Сен менен мага окшогондор бийликке келсек, бул ой ишке ашат. Азыр кошоматчылар улуттун жазылышын алып салууну көздөп жатат. Бул 2018-жылга даярдык окшойт.
0
rejepova
2016-06-29 16:46:17
айланайындар акыры аман калыптырго. Озбекпи башкабы мусулманбыз,
+2
sagyn01
2016-06-29 17:04:02
rejepova,кыргыздар ушинтип ойлоп журуп утулабыз, а башкалар антип ойлошпойт
+9
Rifle_S
2016-06-29 18:25:30
Бир тууганбыз деп жүрүп, 2010-жылы Нарын дарыясын буруп койду го.
Сак болуш керек, с.... там ацлангынча деп илгери бекер айтылган эмес .
+1
Labadax
2016-06-29 17:46:57
Эми биздин паспортко КЫРГЫЗ деп жазылбаса чет элдиктер баары бир озбек озбекстандык деп ойлой беришет.
+8
Rifle_S
2016-06-29 18:26:17
Жакшы иште ошентип ойлойт. Кылмыш кылышса гражданин Киргизии дейт.
+2
Azizbek.kg8
2016-06-30 01:55:44
Негизи бөрү баласы ит болбойт.июнь окуясындагы күндү эстесем жүрөгүм дале ооруйт.Ф.И сына караганда өзбектерго жаман улут жок жаман адам. Бар неси болсода айыгып кетсин.ХХХ ХХХ ХХХ
+1
88inara88
2016-06-30 03:16:12
Ар бир мусульман элим бир тууган болот улуту ким болгон тагдырда да биз аман эсен айыгып кетсин деп тилек кылалы,ар бир улуттун жакшы жаманы болот,Аллах кыргыз,озбек,казак,деп жаратпаган мусульман,буддиз,христиан деп болгон.ар бир суйлогон созубузго жооп берер кун келет.таш менен урганды аш менен сыйла деген соз бар Аллах коруп турат кимибиз кандай экенибизди,пенде мин айткан мн эчнерсе озгорбойт Аллах тааламын айтканы болот.
+2
narbek
2016-06-30 10:05:57
Сатыб алган паспорт болсо керек.акча берсе паспорт столдогулар эмнени гана кылбайт баары эле белгилуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан