Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесин тактай бетине түшүргөн Азамат Жаналиев эми мык жана жиптин жардамы менен президент Алмазбек Атамбаевдин портретин тактай бетине түшүрүп жатат. Азамат эмгегин 1-июлга толугу менен бүткөрүп, аны Алмазбек Атамбаевдин өзүнө белек кыларын 30-июнда SUPER.KG'ге билдирди.
"Портреттин узуну - 125 сантиметр, туурасы - 84 сантиметр. Эмгекти кечээ баштадым, түнү менен уктабай иштеп жатам, эртең бүтүрөм. Толугу менен даяр болгондон кийин аны өлкө башчынын өзүнө тартуулайм", - деди Жаналиев.
Ошондой эле ал кыргыздын залкарлары менен бирге башка мамлекеттердин башчыларынын да портретин тартууну пландап жатканын кошумчалады. "Сүймөнкул Чокморов, Курманжан датка сыяктуу кыргыздын залкарларынын элесин тактай бетине түшүрөм деп тилек кылып жатам. Андан кийин дүйнөнүн башка мамлекеттеринин президенттеринин да сүрөтүн тартып чыгам", - деген максатын айтты.
Жаналиев июнь айынын ортосунда эле Чыңгыз Айтматовдун элесин мык жана кара түстөгү жип колдонуу менен тактай бетине түшүргөн. Бул эмгегин сүрөтчү 88 миң сомго сатып, сүрөт Чыңгыз Айтматовдун музейинен орун алган.