SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз батирин башкага бир нече саатка берип, аны мейманкана катары иштеткен адамдарга көз карашыңыз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Батирди мейманкана кылып иштетүүгө тыюу салуу демилгеси депутаттардын ортосунда кайчы пикир жаратты. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун жайкы каникулдан кийин кайра кароону чечишти".
"Мен ушундай типтеги мейманкананы билем. Мен жашаган үйдө бар, ага ким "крышалык" кыларын айтсам оозуңар Ошту карайт. Ал өзү орган башчысы. Бул мыйзам каралбай калат же жактырылбайт. Бардык эле чиновниктердин бизнеси ушу".
"Эгер бул мыйзам кабыл алынса, "өлүү төрөлгөн" мыйзам болот. Балык башынан сасыйт демекчи... Кимдин заманы, батири көптүн заманы, мыйзам болот, бирок колдонулбайт, бул бир эле тарабы".
"Муну менен жан баккандар бош калса, жумуш орунун караштыруу, альтернатива деген нерсе бизде жок. Айланайындар, эки бутту бир өтүккө киргизип, "эмне кылсаң ошо кыл" деген бир түшүнүксүз позиция заманы. Анан майлуу жерден куру калган алар митингге чыкпай, мен чыгамынбы?"
"Өзү мыйзамды чыгарарда "Эл эмне дейт, кошунанын балдары күлбөйбү?" деп ары-бери тегеретип караштыруу керек го. Пайдасы зыянынан ашып түшө турган болсо, иштеп кетүүгө шарт түзүлсө, макул десе болот".
"Бул мыйзамга мен каршымын, бирок бул мыйзамды туура жолго колдоно алышса каршы болбойт элек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.