Жалал-Абадда калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад жаштар коому жана маданият кызматкерлери тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясынын жүрүшүн Жалал-Абад милициясынын Жол-кайгуул кызматы коштоп жүрдү. Жарамазан айтып, кайрымдуулук акциясын өткөрүүгө райондогу активдүү жаштар жана маданият кызматкерлери катышты", - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматында.
“Орозо айында элдик каада-салтка айланган жарамазанды айтып колунда бар чыгаан инсандардын үйлөрүнө чейин бардык. Мындагы максат - каражат чогултуп, ыйык айда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга жана балдар үйлөрүнө белек алып барып кубаныч тартуулоо", - деп билдирди төкмө акын Рахматулла Козукеев.
Белгилей кетсек, 4 күнгө созулган кайрымдуулук акциясы эртең жыйынтыкталат.