30-июнда Жогорку Кеңеш айыл чарба багытындагы сугат жерлерди сактап калуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев.
Текебаевдин берген маалыматына караганда, КРнын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун мурдагы чакырылыштагы тармактык комитет үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна жиберген. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын мөөнөтү аяктап калгандыктан, мыйзам долбоору каралбай калган.
Бул мыйзам аркылуу аянты 5 гектарга чейинки сугат жер тилкелерин бөлүп сатууга тыюу салуу каралган. Демилгечинин пикиринде, мыкты жерлердин катарына кирген сугат жерлерин майдалап сатуу алардын түшүмдүүлүгүн азайтат.