Бишкек шаарынын Менчик муниципалдык башкармалыгынын жеңил түрдөгү мүлктөрдү каттоодо мыйзамсыз орнотулган соода объектилери аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Эркиндик бульварындагы Бөкөнбаев жана Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө мыйзамсыз жайгашкан балмуздак, гезит сатылуучу күркөлөр жана батуттар алынды.
Бишкек шаарынын Менчик муниципалдык башкармалыгы шаар тургундарын мыйзамсыз коюлган жеңил түрдөгү мүлктөр тууралуу кабарлоого чакырат.