“Стамбулдагы жардырууну уюштургандардын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн” деген маалымат такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов SUPER.KG'ге билдирди.
“Ал маалымат текшерилип жатат. Азырынча бир жактуу маалымат айтуу эрте. Жыйынтыгы чыкканда кабарлайбыз”,- деди Рахат Сулайманов.
Буга чейин түркиялык ММКлар Стамбулдагы 43 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштурган 3 адамдын бири кыргыз жараны болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Бирок маалыматты Түркиянын Террорчулукка каршы кызматы тастыктаган эмес.
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен. Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар. Ал сол колунан жеңил жаракат алган, ооруканадан чыгарылган.