Бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Коргоо кызматынын 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Коргоо кызматы 1991-жылы түзүлүп, иш баштаган. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын 1-Вице-премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышты. Салтанаттуу иш-чарада президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун Темир Жумакадыров окуп берди.
“Биз ушул күндөргө чейин татаал жолду басып келдик. Өзгөчө кырдаалдар учурунда калктын саламаттыгын сактоодо зор эрдик жасап, алкоого алынган учурлар да болду. Ошол эле учурда кызмат учурунда башкалардын коопсуздугун камсыздоодо курман болгондор да бар. Биз алар менен сыймыктанабыз”, - деди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Салтанаттуу майрамдын экинчи бөлүгүндө Улуттук филармониянын артисттери концерттик программа тартуулашты.