Президент Алмазбек Атамбаев: "Министр болуп мамлекеттин байлыгын уурдагандан көрө көчө шыпырып адал эмгек кылган жакшы"

Бүгүн, 1-июлда "Ала-Арча" резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Жалпысынан бул жылы 52 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болгон. Иш-чарага билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева да катышты. Алтын сертификаттарды өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өзү тапшырды.

Аземде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өлкө жаштарын адал эмгекке үндөдү. Пол жууп, кафеде иштегенден намыстанбаш керек экенин, өзү да жаш кезинде пол жууп, түрдүү жумуштарда иштегенин айтты.

"Мен силерге өзгөчө толкундануу менен келе жаттым. Мен үчүн силерге мактоо грамоталарын тапшыруу сыймык. Силердин жылуулукка толгон көздөрүңөрдү көрүп, өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишенем. Бул силердин жашооңордогу алгачкы ийгилигиңер, чоң жеңишиңер. Силер алган билим бүтүндөй жашооңорго чоң пайдасын берет", - деди президент.

"21 кылым - билимдүүлөрдүн кылымы, андыктан көп тилди билген билимдүү жаштардан болууга умтулгула. Мындан улам силер гүлдөгөн кыргыз өлкөсүн курасыңар деп ишенем. Мен көчө шыпырып да, от жагып да, айтор, көп жумуштарда иштегенмин. Силер да кайсы бир жумушту жасагандан тартынбагыла. Министр болуп мамлекеттин байлыгын уурдагандан көрө көчө шыпырып адал эмгек кылган жакшы. Элге, өлкөгө пайдалуу, керектүү кесипти тандагыла. Билимдүү эле эмес, ыймандуу да болуу керек. Ар дайым ыймандуу, билимдүү, акылдуу болуу менен гана ийгиликке жете аласыңар. Түз жүрсөңөр Кудай силерди белгилүү жерге алып барат. Максатыңарга жетесиңер. Баарын жеңесиңер", - деп балдарга кайрылды Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле аткаминерлер арасындагы коррупцияны сындап, "ууру министр болгуча пол жууп иштеген артык" деген оюн билдирди.

Президенттин белгилешинче, Кыргыз Республикасынын жалпы бюджетинин 20 пайызы билим берүү тармагына бөлүнгөн. Дүйнөдө бир да өлкөдө мындай каражат билим берүүгө сарпталбайт. Соңунда президент бүтүрүүчүлөгө мактоо баракчаларын ыйгарып, ийгилик, ден соолук, бактылуулук каалап, планшет жана 10 миң сомдук стипендияларды тапшырды. Мындан тышкары ЖРТдан жогорку балл алган аймактардагы 14 бүтүрүүчүгө да баалуу белектер жана акчалай сыйлык тапшырылды.

ЖРТдан эң жогорку балл алган Данияр Ибраимов билимин Москвадан улантат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nalukg
2016-07-01 12:59:04
АША мыкты ойчулдардай суйлоптур баракелдеее. Бирок 20 пайыз болунгонуно чето ишенбейм андай болсо эмнеге билим денгээлибиз окуу шаймандарыбыз жетишсиз. Ананда жогору бал алгандар оруско кобу бул жерде да карупсия жок эле болсо к.к деп коз жуумп койо берейинчи
0
Gema
2016-07-01 13:18:29
сонун создор.
0
imanchik
2016-07-01 13:37:52
Суйлогонду эле билесинер)
-1
bond0202
2016-07-01 13:47:52
эн сонун суйлоптур.
0
kemel81
2016-07-01 14:00:09
Туура айтыптыр. Жакшы окуусанар деле пол жууйсунар, от жагасынар.Каражат чогултсанар анан жакшы жумуш болот. Жакшы иш орундары сатылат бизде. Же болбосо бошобойт, азыркы озунун командасынын балдарынан. Бул чындык.
0
Pirimkul
2016-07-01 14:01:58
Создуго кыраатын келтириптир баа бердим. А бирок по факту бул нерселер ишке ашпай жатканы окунучтуу
+2
KGstan1981
2016-07-01 14:12:19
Туура айтыптыр бирок бул создорун Ыймандуу болгула Кудайдан коркула дегенди тушундуротта ошол создорду министирлерге жана 120 депутаттарга айтса болмок.
+2
Sema87
2016-07-01 14:25:08
Тиги эн жогору бал алгандар капа пайым элдин балдарына окшобойт бири да
0
Мэри
2016-07-01 16:00:58
61-мектеп шаардагы эң жакшы мектептердин бири. Ал жерде тандалган (билими боюнча) балдар окушат. Математика-физика багыты менен тереңдетилген билим берилет. Байкап жүрөм, ЖРТнын жыйынтыгында ушул мектептеп көп окуучу жогорку балл алат. Мен ишенем, тесттин жыйынтыгын жасап коюшпайт, кандай жазса ошондой эле көрсөткүчкө ээ болот.
0
erjigit-e.15
2016-07-01 16:49:21
Туура билимсиздер кочо шыпыруу керек. Азыркы бийликтегилердин баары ошого ылайыктуу. Акча уурдаган министрлердин акчасын алып ишке киргизип жатасынар да.
-1
Janym_ata_enem
2016-07-01 21:41:28
Эми айтты койду да...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан