SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүү деген эмне?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Сүйүү - бул сөз менен айтып бүтө албаган нерсе, анткени сен аны жүрөгүң менен гана сезесиң. Сүйүп калуу абдан жакшы, бирок аны унутуу жаман. Бул нерсе менин биринчи сүйүүмө байланыштуу".
"Сүйүүгө көз карашым 50:50 пайыз. Ал эми "бир көрүп сүйүү" дегенге атып салса да ишенбейм. Менин биринчи сүйлөшкөндө үнүн сүйүп калмай адатым бар. Бул сапатым өзүмө жагат".
"Сүйүү - бүтпөс дастан, узун жомок. Сүйүүсүз бул дүйнөдө жашоо токтомок".
"Сүйүү - назик, ыйык сезим адамда,
Белек сымал бир берилет адамга".
"Көзгө көрүнгөн нерсени сүйүп, самап, ага жеткенде ал нерсенин баркы кетип калат. Ошондуктан көзгө көрүнбөгөндү сүйүш керек".
"Кээ бир окумуштуулар "сүйүү - бул табышмак" дешет. "Аны изилдеп, ал жөнүндө так бир нерсе айтуу мүмкүн эмес" деген кептер да бар. Азыркы учурда адамдардын сүйөр-сүйбөсүн текшерген машиналар да бар экен. Бир убакта аларды ЗАГСтарга орнотобуз деп чыгышыптыр. Кийин кайра ал нерсе логикага жатпагандыгына байланыштуу ишке ашпай калган, себеби үйлөнгөнү келгендердин кээ бири сүйүп үйлөнсө, кээ бирлери мөөр алганы гана келишет экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.