Учурда Ак үйдүн алдында 20га жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар президенттен жана Жогорку Кеңештин төрагасынан жардам сурап, талап коюп чогулуп турушат.
Алар турак жай берүүнү, социалдык жардам көрсөтүүнү суранышып, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновду кетирүү талабын коюшууда.
"Бүгүн таңкы 7ден бери турабыз. 3 айдан бери депутат Дастан Бекешевге да кайрылып келдик. Арызданып министрликке чейин бардык. Бир кап ун болсо да жардам берилсе болот эле. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов жазага тартылсын, анткени ал мамлекеттен берилген жардамды бизге жеткирбей алып коюп жатат", - дейт Бишкек шаарынын тургуну Райкан Смаилов.
"Апам Туулган Мырзаева 57 жашта. 13 жылдан бери төшөктө жатат. 1-топтогу майып. Апама жардам берилсе дейм. Атамбаевге арыз менен кайрылдым, бирок жардам болбоду. Апам ооруп үйүбүздү 2009-жылы сатып жибергенбиз. Учурда Баткенде таякемдин үйүндө жашайбыз. 3 бир тууганбыз, эжем менен бизден бөлөк жашаган агам бар. Ар жерде жашап кыйналдык, өкмөт үй берсе дейбиз. Бүгүн Икрам Илмияновго арыз бердим, жообу 1 айда болот дешти", - дейт Назакат Кыдырова.