"Ысык-Көл" Эл аралык аэропорту бүгүн, 1-июлда Ош жана Казакстандын Алматы шаарынан учуп келген жайкы сезондун алгачкы эс алуучуларын кабыл алды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Ош шаарынан 60, Казакстандан 133 жүргүнчү келгенин билдирди. Маалым болгондой, эми Ош-Тамчы-Ош каттамы жума жана жекшемби күндөрү, Алматы-Тамчы-Алматы каттамы дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштурулуп турмакчы.