Олег Панкратов Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши менен таанышты

Вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн, 1-июлда Бишкек жылуулук борборунда жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Панкратов Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча жүрүп жатканын айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Долбоор толугу менен ишке ашса, өлкөдө энергетикалык коопсуздук мындан да чыңдалат. Өкмөт аткарылып жаткан иштердин сапаттуу жана убагында бүтүшүнө чоң маани берет", - деди вице-премьер.

Панкратов Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо адаптациялоо иштерин тездетүүнү тапшырды.

"Адистер менен лингвисттер долбоордун техникалык документ иштеринин калган бөлүгүн ыкчам бүтүрүп жетишерине ишенем. Аны менен катар көзөмөлдөөчү органдар Бишкек жылуулук борборундагы жүрүп жаткан ишке жолтоо болбостон, жетекчилик менен тыгыз байланышта болушу зарыл. Ошол эле учурда адистер экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча талаптардын сакталышын катуу көзөмөлдөшү керек", - деди Олег Панкратов.

Аны менен катар Панкратов кышка карата кам көрүүдө үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо үчүн убагында тендер өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан