Швейцариянын Женева шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат берилди

Кечээ, 30-июнь күнү Швейцариянын Женева шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат берилип, европалыктарды турист катары кыргыз жергесине чакыруу максатында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда кабарлады.

Жыйынга депутат Жанар Акаев жана Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев катышты. Анда өлкөбүздө саясий-экономикалык абал турукташып, күндөн-күнгө туристтердин саны көбөйүп жаткандыгы айтылды.

"Кыргыз мамлекети - Евразия континентиндеги эң жаш, Орто Азиядагы жалгыз парламенттик башкаруудагы демократиялык өлкө. Биздин өлкө эки ирет элдик революцияны башынан өткөрдү, андан кийин гана демократиянын принциптери аркылуу эркин, ачык жана таза мамлекеттик системди курууга кириштик жана ал азыр ийгиликтүү уланууда. Кыргыз жерине дүйнөнүн 61 өлкөсүнүн жарандары визасыз кире алышат, анын ичинде, албетте, Швейцария да бар. Учурда өлкөбүздө толугу менен саясий туруктуулук орногон, ошондуктан жыл сайын туристтердин саны көбөйүүдө. "National Geographic" журналынын версиясы боюнча жергебиз эң мыкты ден соолукту калыбына келтирүүчү өлкө деп табылган”, - деди депутат.

Жыйындын аягында журналисттерге кыргыз даамдары тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2016-07-01 19:09:00
Жеген акчаларын озу лично барып Швейцариянын банкына салып келгенго
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан