Өзбекстандын чек арачылары Аксы районунун Сөгөт айылынын карамагындагы 45 сотых жерди басып алышты. Учурда жергиликтүү бийлик деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Аксы райондук администрациясынан 1-июлда SUPER.KG'ге билдиришти. "Учурда жергиликтүү бийлик деңгээлиндеги комиссиялар ошол аймакта сүйлөшүп жатышат. Жердин аянты канча экендиги так эмес, биздин билишибизче, 45 сотых жер. Андан башка маалымат жок",- деп айтылат маалыматта.
Айрым маалыматтарга караганда, өзбек тарап басып алган жердин аянты 2,5 гектар.