Биз социалдык тармакта

Кыргыз улуттук университетинин окутуучуларынын кайрылуусу боюнча комиссия түзүлдү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлеринен келип түшкөн кайрылууларда көрсөтүлгөн фактыларды жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан комиссия түзүлгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Аталган комиссия 2016-жылдын 1-июлунан 7-июлуна чейин кайрылуулардагы көтөрүлгөн маселелер боюнча текшерүү жүргүзүп, 8-июлда Билим берүү жана илим министрлигине корутундусу тапшырылат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-июнда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдери ректораттын адилетсиз кадрдык саясатына нааразы болуп митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан