Түштүк Кореяда жүрөк кемтиги менен ооруган 6 кыргыз балага операция жасалды

Бүгүн, 1-июлда Түштүк Кореяда жүрөк кемтиги менен ооруган кыргыз балдарынын дарылануусу аяктады. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчилиги кабарлаган.

Түштүк Кореяда жүрөк кемтиги менен ооруган 6 кыргыз балага операция ийгиликтүү жасалып, балдар аз эле убакта калыбына келишкени маалым болду. Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда балдар өз мекенине кайтып келишет.

"Дарылоодон тышкары балдарга жана алардын ата-энелерине маданий программалар уюштурулган. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда акциянын демөөрчүлөрүнөн балдарга эстелик белектери жана оюнчуктар берилди. Бул кайрымдуулук акциясы бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар акцияны улантышарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kani1994
2016-07-01 19:17:54
дагы кандай операцияларды жазашат?кенен маалымат берип коесуңарбы?
+1
Menden.saga.belek
2016-07-01 20:12:44
Айыгып кеткиле батыраак!
+4
momun74
2016-07-02 03:52:30
Алла ыраазы болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан