СУПЕРСТАН: "Эх, менин парталашым..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мектепте ким менен бир партага отургуңуз келчү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мектепте 9-классты бүткөнгө чейин үч кыз менен отурганмын. Анан булар менен отурамын деп айтчу эмес экенмин, класс жетекчи өзү отургузуп койчу".

"Менин эсимдин баары жанымда ким отурса эмес, арткы же биринчи партада отуруп калбасам экен деген ой болчу".

"Бир классташым бар эле, ал мени абдан жакшы көрчү. Экөөбүз бир партада отурчубуз, ар нерсени айтып берип, түшүнө мен киргеним тууралуу айтып тажатчу. Биздин класстагы менин жакын курбум башка бала менен отурчу. Ал баладан экөөбүз алмашалы деп көп сурандым. Кийин менин жанымда отурган бала 8-9-класстарда мектептин эӊ сулуу жигити болуп кеткен. Ал экөөбүз жакын дос болуп жүрүп, көп кутурдук. Канча жолу доскага чыктык, бурчка турдук. 9-классты бүткөндөн кийин мектептен кеткенбиз. Азыр кезиккенде "сен мага абдан жакчу элеӊ, бирок сен мени тоготпой койгонсуң" деп айтып калат. Башка парталаштарым эсиме келген жок".

"Менин жаныма начар окуган балдарды отургузчу. 8-класстан баштап өзүмдөн да жакшы окуган бала менен отуруп калдым. Экөөбүздүн тең боюбуз узун болгондуктан артка жылып кеттик. Эсте калган парталашым ушул экен. Анын телефонунан көрсөткөн анекдоту эле эстен кетпейт. Эх, менин парталашым".

"8-класска чейин мугалимдин алдында отургум келе берчү. Класс жетекчибиз башка жакка отургузуп койсо, башка мугалимдердин сабактарында алдыга отуруп алчумун. Өзүм жалгыз отурганды жактырар элем. 9-класстан баштап эӊ арткы орундуктарды "менчиктештире" баштагам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
leilek_suluktu
2016-07-02 19:28:50
Мен сагынган жокмун классташтарымды конулум калган мектептен
0
Nur-Aman
2016-07-03 14:51:23
leilek_suluktu, Эмнеге конулун калды эле?
0
Jyrgal8
2016-07-02 19:41:08
эх балалык кез сонунго менин жаккын жашаган кошунам экообуз бир класска барганбыз эрте менен уйдон тамак ичсем ичип ичпесем ошонун уйунон ичип алып экообуз жетелешкен боюнча мектепке барчуубуз да бир партага отурчуубуз бирде мугалимибиз экообузду болуп койгондо сабака барбай койгом ошентип уч жыл чогуу отуруп анан ажырашканбыз.
0
munduz2016
2016-07-02 20:31:56
9-класста Тайгараева Кыздаркан парталашым болгон.Жакшы кыз болчу.Салам жолдойм.
0
kurstan-ali
2016-07-03 03:27:22
Жаны окуу жылы башталып,мектеп босогосун биринчи жолу аттап,краска жыттанган класска кирип Элиза деген кыздын жанына олтургам. Андан бери канча жыл отту.Кайдасынар менин классташтарым.01.09.1993-жыл.
0
soft_hacker
2016-07-03 10:34:41
О мен ачкан темаго 1айга жетбей эле талкуга алынып кетерин билгем
+2
Atlantic
2016-07-03 13:42:03
Ээ мен сагынбайм классташтарымы неге дегенде жиндилер болчу
-1
tynar92kg
2016-07-03 13:51:27
Балалыктын эн бактылуу кундору мектептеги окуучулук кундор экенда. Мен озумдун жанымда бир партада олтурган кызга эмес,арткы партадагы кыздарга коп тийишер элем... Ал кундор кайрылып келбейтко...
0
Azizbek.kg8
2016-07-03 16:45:57
Жалгыз олтурушту жакшы корчулем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан