Көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына жетүүчү шатысы бар өрт өчүрүүчү унааларды жылдын аягына чейин сатып алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган унааларды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткандар өрт коопсуздугу эрежелерин сакташ керек. Базарларда, соода борборлорунда өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Сактанганды Кудай сактайт. Жакында Бишкекте 12 кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр аны 7 саатта өчүрүштү", - деди Жээнбеков.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, акыркы 5 айдын ичинде өлкөнүн аймагында 1119 өрт кырсыгы катталган.